USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Кыргызстандын футбол курамасы ФИФАнын рейтингинде кайрадан топ-100гө кирди

17:27, 04 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФАнын рейтингинде 100 -орунга чыкты. Жаңыланган тизме эл аралык федерациянын сайтында жарыяланды.

Команда төрт тепкичке көтөрүлдү.

Рейтингде 210 курама бар. Алдыңкы бештикке Аргентина, Франция, Бельгия, Англия жана Бразилия кирет.

АФК аймагында команда 17-орунду ээледи.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын курама командасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Кытайдын Тайбэй курамасы менен эки оюн өткөргөн. Эки беттеште тең кыргызстандык футболчулар жеңишке жетти.

Ал эми Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде 130-орунда турат.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика