20:12
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Андрей Канчельскис «Мурас Юнайтед» клубунун башкы машыктыруучусу болот

«Манчестер Юнайтеддин» мурдагы жарым коргоочусу Андрей Канчельскис жакында Кыргызстандын «Мурас Юнайтед» клубунун башкы машыктыруучусу болорун журналисттерге билдирди.

«Иштер жакшы эле жүрүп жатат. Келишимге бир нече күндөн кийин кол коюлушу керек», — деди ал.

ЖМКлардын маалыматы боюнча, Андрей Канчельскис 1 + 1 схемасы боюнча келишимге кол коет.

Андрей Канчельскис «Тоболдун» башкы директору болуп иштеген. Ал 2023-жылдын июлунда кызматка дайындалып, ноябрда клубдан кеткен. 2023-жылкы сезондо команда Казакстан чемпионатынын турнирдик таблицасында сегизинчи орунду ээледи. Ноябрь айында «Тобол» өлкө кубогун жеңип, Европа лигасына жолдомо алды.

Ал СССРдин эл аралык класстагы, Россиянын эмгек сиңирген спорт чебери (2011). Орусиянын ийгиликтүү футболчуларынын бири. СССР/КМШ жана Россия курама командаларынын оюнчусу болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар