03:14
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Казакстанда азык-түлүк кымбаттады

Казакстанда пияз, сабиз, картошка, күрүч жана биринчи сорттогу ундун баасы кымбаттады. Бул тууралуу Казакстандын экономика министри Руслан Даленов билдирди.

Улуттук экономика министринин маалыматы боюнча, орто эсеп менен пияз 79 пайыз, сабиз 59,3 пайыз, картошка 32,9 пайыз, күрүч 23,8 пайыз, биринчи сорттогу ун 14,3 пайызга кымбаттаган.

«Базардагы баа өндүрүүчүлөрдүн жана импорттун баасына караганда кыйла кымбат. Маселен, өндүрүүчүлөр сабизди 67 теңгеден (0,17 доллар) сатса, анын базардагы баасы 151 теңге (0,4 доллар)», -деди ал.

Соода жана интеграция министри Бакыт Султановдун айтымында, өндүрүштүн жолго коюлбаганы, ортомчулардын көптүгү, сактоо шарттарынын сакталбаганы кымбатчылыкка себеп болду.

Министр буга Россия экономикасынын таасири да тийип жатканын кошумчалады. «Евразиялык экономикалык биримдигинин орток базарындагы баа дагы таасир этүүдө. Орусияда баа өскөндүктөн, бизде да кымбатчылык болууда», -деди ал.

Өкмөт инфляция көлөмүн 4 пайыздан 6 пайызга чейин кармап туруу үчүн эл эң эле көп колдоно турган 10 азык-түлүктүн баасын көзөмөлдөп турууга убада берди. Алар — пияз, сабиз, картошка, кызылча, күрүч, ун, уй, кой, жылкы эти жана нан.

Эң көп окулган жаңылыктар