04:33
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Муфтияттын Орусиядагы өкүлү болуп Сүйүнбек ажы Жусубалиев дайындалды

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү болуп Сүйүнбек ажы Жусубалиев дайындалды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сүйүнбек ажы Жусубалиев эки элдин ынтымагын бекемдөө жана ал жакта эмгектенген кыргызстандык мекендештерге динди туура жеткирүү боюнча бир катар иштерди алып бармакчы.

«Жаңы дайындалган өкүл августтун акырында Орусиянын Иркутск, Якутск шаарларында эмгектенген кыргызстандык мекендештер менен жолугушууларды өткөрөт», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар