21:49
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызгидромет: Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка караганда, 14-15-16-август күндөрү Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

15-августта күндүз жана 16-августта түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар