18:16
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өлкөнүн айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн

Бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдайт.

Билдирүүгө таянсак, башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

«Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт», -деп айтылат маалыматта.

Чүй облусунда +29...+34, Таласта +26...+31, Баткенде +30...+35, Ош, Жалал-Абад облустарында +30...+35, Нарында +23...+28, Ысык-Көлдө +23...+28 градус ысык болот. Ал эми Чолпон-Ата шаарында +23...+25, Бишкек менен Ош шаарларында күндүн табы +32...+34 градуска чейин жогорулайт.

Эң көп окулган жаңылыктар