02:17
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Солтон-Сары чыры. Ооруканага 20 киши түштү

Нарын облустук бириктирилген ооруканасына кытайлык кен иштетүүчү «Жоржи Майнинг» компаниясынын 20 жумушчусу түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Жжабырлануучуларды бүгүн таңкы саат 4 жарымда алып келишкен.

«Жабырлануучулардын баш мээси чайкалган. Алардын абалы туруктуу. Тиешелүү дарыларды алып жатышат», -деп билдиришти министрликтен.

Эске салсак, кечээ Солтон-Сары кенинде жергиликтүү тургундар менен кытайлык жумушчулар арасында жаңжал чыккан. Ортодо пикир келишпестиктер жаралып, бири-бирине таш ыргытышкан. Кесепетинен отуздан ашуун киши жараткат алганы кабарланууда.

Маалыматка караганда, кечээ 500го жакын киши чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык «Жоржи Майнинг» компаниясына барышкан. Алар аталган компаниянын ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылышууда. Мындан сырткары жергиликтүү эл малдын кырылып жатканын айтып, буга кен комбинатынын куруу иштери себеп болушу толук ыктымал экенин кошумчалашты.

Эң көп окулган жаңылыктар