04:54
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Солтон-Сары чыры. Бишкектеги ооруканага дагы 19 кытайлык жумушчу кайрылды

Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна Солтон-Сары окуясында жабыркаган 19 кытайлык жумушчу кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучулар өз алдынча мекемеге кайрылышкан. Учурда аларга диагноз коюш үчүн дарыгер карап жатат. 

Буга чейин министрликтен Нарын облусундагы бириктирилген ооруканага 10 жабырлануучу кайрылганын кабарлашкан. Алардын 19у кытайлык жумушчулар. Дагы бири амбулатордук дарылануудан өтүүдө. 

Солтон-Сарыда 3 тез жардам кызматы нөөмөт өтөөдө. Алар кан басымы жогорулаган жергиликтүү 29 тургунду кабыл алышты. 

Эске салсак, кечээ Солтон-Сары кенинде жергиликтүү тургундар менен кытайлык жумушчулар арасында жаңжал чыккан. Ортодо пикир келишпестиктер жаралып, бири-бирине таш ыргытышкан. Кесепетинен отуздан ашуун киши жараткат алганы кабарланууда.

Маалыматка караганда, кечээ 500го жакын киши чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык «Жоржи Майнинг» компаниясына барышкан. Алар аталган компаниянын ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылышууда. Мындан сырткары жергиликтүү эл малдын кырылып жатканын айтып, буга кен комбинатынын куруу иштери себеп болушу толук ыктымал экенин кошумчалашты.

Эң көп окулган жаңылыктар