Солтон-Сарыда иштеп жаткан «Zhong Ji Mining» кытайлык компаниясы техникаларын жана жумушчуларын алып чыгып кете баштады. Бул маалыматты 24.kg агенттигине өкмөттүн аппаратынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, окуя болгон жерде вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жүрөт. Жеке булактар билдиргендей, учурда аймакта 150го жакын киши бар. Алар өкмөт башчынын келишин талап кылышууда.