09:37
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Солтон-Сары чыры. Тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду

Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго шилтеме берип билдирди.

Чечим Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын тиешелүү корутундусунун негизинде кабыл алынды.

Эске салсак, кечээ Кубатбек Боронов Нарын облусуна барып, анда ошол аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугушуп, чырлашкан эки тараптын тең жүйөлөрүн угуп, түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун аныктады. Ал билдиргендей, жергиликтүү жашоочулардын койгон талаптары мыйзам чегинде аткарылат. Мындан тышкары кенде бул күндөрү жергиликтүү калктын жана кытай компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өткөн окуяларга байланыштуу тыкыр тергөө жүргүзүлөт.

«Ведомстволор аралык атайын комиссия өз ишин жүргүзөт. Алардын ишинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынат», — деди биринчи вице-премьер-министр.

Эске салсак, Солтон-Сары кенинде жергиликтүү тургундар менен кытайлык жумушчулар арасында жаңжал чыккан. Ортодо пикир келишпестиктер жаралып, бири-бирине таш ыргытышкан. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Солтон-Сарыдагы абал боюнча жыйын өткөрүп, тиешелүү жактарга окуяны тыкыр иликтеп, калк арасында түшүндүрүү иштерин жайылтууну күчөтүү тапшырмасын берген.

«Жергиликтүү тургундар менен чет элдик жумушчулар ортосунда болгон окуялар мекеменин ишинин токтоп калуусуна себеп болбошу керек. Биз тоо-кен казуу тармагында кандай көгөйлөр бар экенин жакшы билебиз, мындан улам аны түп тамырынан бери өзгөртүү үчүн иштеп жатабыз. Мен мунун баарын жеке көз алдыма алдым. Эгерде инвестор биздин жарандардын талаптарын жана укуктарын буза турган болсо, биз ага тиешелүү чара көрөбүз деп баса белгилеп кетким келет. Бирок, баары мыйзам чегинде болушу керек. Эгер мындай ар бир окуя үчүн эл мекемени жабуу талабын көтөрө берсе, анда баардык инвесторлор бизден жүзүн буруп кетишет. Турмуш-тиричиликтик абалды саясий окуяга айландырбаш керек. Баардык талаш-тартыш маселелер укуктук негизде чечилиши зарыл», -деди өкмөт башчы.

Кошумчалай кетсек, «Zhong Ji Mining Company» компаниясы Солтон-Сары кенинде 2009-жылдан тартып иштейт. «Солтон-Сары» кени Бишкек шаарынан 355 км аралыкта, Нарын облусундагы Капка-Таш тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте жайгашкан. Татаалдыгы боюнча 4-топко кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума