16:01
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Нарын облусунда абал туруктуу, эч кандай жол жабуу болгон жок

Нарын облусунда абал туруктуу, эч кандай жол жабуу болгон жок. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. 

Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын ишин токтотуу талабы менен чогулган элдин жүйөлөрүн угуп, бул маселени жеринде чечүү үчүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана тиешелүү кызматтын өкүлдөрү аталган аймакка барышкан. Эки тараптуу сүйлөшүүдөн соң, талаптар угулуп, компания бир ай (териштирүү иштери бүткөнгө чейин) ишмердүүлүгүн токтотту.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү маалымдагандай, бүгүнкү күндө Нарын облусунда абал туруктуу, эч кандай жол жабуу болгон жок. Коомдук коопсуздукту укук коргоо органдарынын кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат.

Белгилей кетсек, чогулган эл алар койгон талаптар аткарылганга чейин Нарын районундагы Кара-Чий айылында болорун айтышты.

Эскерте кетсек, жергиликтүү жашоочулар Нарындын Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык «Zhong Ji Mining Company» компаниясынын ишин токтотууну талап кылып чыгышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар