18:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Солтон-Сары чыры. Нарындыктар Бишкек-Торугарт унаа жолун жабууну көздөп жатышат

Солтон-Сары кенин иштетүүгө каршы болушкан Нарын облусунун тургундары стратегиялык маанидеги Бишкек-Торугарт унаа жолун жабууну көздөп жатышат. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Кара-Чий айылына жакын аймакта 8 боз үй тигилди.

Бүгүн Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулганы маалымдалган.

Эске салсак, Солтон-Сары кенинде жергиликтүү тургундар менен кытайлык жумушчулар арасында жаңжал чыккан. Ортодо пикир келишпестиктер жаралып, бири-бирине таш ыргытышкан. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Солтон-Сарыдагы абал боюнча жыйын өткөрүп, тиешелүү жактарга окуяны тыкыр иликтеп, калк арасында түшүндүрүү иштерин жайылтууну күчөтүү тапшырмасын берген.

«Жергиликтүү тургундар менен чет элдик жумушчулар ортосунда болгон окуялар мекеменин ишинин токтоп калуусуна себеп болбошу керек. Биз тоо-кен казуу тармагында кандай көгөйлөр бар экенин жакшы билебиз, мындан улам аны түп тамырынан бери өзгөртүү үчүн иштеп жатабыз. Мен мунун баарын жеке көз алдыма алдым. Эгерде инвестор биздин жарандардын талаптарын жана укуктарын буза турган болсо, биз ага тиешелүү чара көрөбүз деп баса белгилеп кетким келет. Бирок, баары мыйзам чегинде болушу керек. Эгер мындай ар бир окуя үчүн эл мекемени жабуу талабын көтөрө берсе, анда баардык инвесторлор бизден жүзүн буруп кетишет. Турмуш-тиричиликтик абалды саясий окуяга айландырбаш керек. Баардык талаш-тартыш маселелер укуктук негизде чечилиши зарыл», -деди өкмөт башчы.

Эң көп окулган жаңылыктар