03:04
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Солтон-Сары чыры. Вице-премьер-министр Кытайлык элчи менен жолукту

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки тарап Солтон-Сары кениндеги окуя тууралуу жана аны тезинен жөнгө салуу боюнча пикир алмашышты.

Жеңиш Разаков өкмөт инвесторлордун да, ошондой эле жергиликтүү калктын да кызыкчылыктарын коргоонун маанилүүлүгүн түшүнөт жана бардык талаштар укуктук негизде, турмуштук жагдайды саясий нукка бурбай чечилиши керек деп эсептейт. Айтымында, ички иштер органдары тарабынан окуянын чоо-жайын тыкыр, объективдүү иликтөө жүргүзүлүүдө.

аңжал чыккан Солтон-Сары кенине биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов да жөнөп кетти.

Эске салсак, кечээ Солтон-Сары кенинде жергиликтүү тургундар менен кытайлык жумушчулар арасында жаңжал чыккан. Ортодо пикир келишпестиктер жаралып, бири-бирине таш ыргытышкан. Кесепетинен отуздан ашуун киши жараткат алганы кабарланууда.

Маалыматка караганда, кечээ 500го жакын киши чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык «Жоржи Майнинг» компаниясына барышкан. Алар аталган компаниянын ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылышууда. Мындан сырткары жергиликтүү эл малдын кырылып жатканын айтып, буга кен комбинатынын куруу иштери себеп болушу толук ыктымал экенин кошумчалашты.

Эң көп окулган жаңылыктар