14:07
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Солтон-Сары чыры. Өкмөт башчы инвесторлор жүзүн буруп кетет деп кооптонууда

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Солтон-Сарыдагы абал боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйын маалында окуя тууралуу маалыматты ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев кенен айтып берди.

Өкмөт башчы окуяны тыкыр иликтеп, калк арасында түшүндүрүү иштерин жайылтууну күчөтүү тапшырмасын берди. 

«Жергиликтүү тургундар менен чет элдик жумушчулар ортосунда болгон окуялар мекеменин ишинин токтоп калуусуна себеп болбошу керек. Биз тоо-кен казуу тармагында кандай көгөйлөр бар экенин жакшы билебиз, мындан улам аны түп тамырынан бери өзгөртүү үчүн иштеп жатабыз. Мен мунун баарын жеке көз алдыма алдым. Эгерде инвестор биздин жарандардын талаптарын жана укуктарын буза турган болсо, биз ага тиешелүү чара көрөбүз деп баса белгилеп кетким келет. Бирок, баары мыйзам чегинде болушу керек. Эгер мындай ар бир окуя үчүн эл мекемени жабуу талабын көтөрө берсе, анда баардык инвесторлор бизден жүзүн буруп кетишет. Турмуш-тиричиликтик абалды саясий окуяга айландырбаш керек. Баардык талаш-тартыш маселелер укуктук негизде чечилиши зарыл», -деди өкмөт башчы.

Эске салсак, буга чейин жергиликтүү тургундар кытай кызматкерлеринин аталган аймактан чыгып кетишин талап кылышкан. Ортодо пикир келишпестиктер жаралып, бири-бирине таш ыргытышкан. Кесепетинен отуздан ашуун киши жараткат алганы кабарланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар