02:57
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Нарындагы абалды милиция көзөмөлгө алды

Нарындагы абалды милиция көзөмөлгө алды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Окуя болгон жерде Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жүрөт. Туруктуулукту жана коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн чаралар көрүлүүдө.

Жаңжал чыккан Солтон-Сары кенине биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов да жөнөп кетти.

Эске салсак, кечээ Солтон-Сары кенинде жергиликтүү тургундар менен кытайлык жумушчулар арасында жаңжал чыккан. Ортодо пикир келишпестиктер жаралып, бири-бирине таш ыргытышкан. Кесепетинен отуздан ашуун киши жараткат алганы кабарланууда.

Маалыматка караганда, кечээ 500го жакын киши чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык «Жоржи Майнинг» компаниясына барышкан. Алар аталган компаниянын ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылышууда. Мындан сырткары жергиликтүү эл малдын кырылып жатканын айтып, буга кен комбинатынын куруу иштери себеп болушу толук ыктымал экенин кошумчалашты.

Эң көп окулган жаңылыктар