12:24
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Солтон-Сары чыры. Нааразы болгон элдин талабы аткарылабы

Нарын облусунда жайгашкан Солтон-Сары жайлоосундагы чырлуу окуя ушул жылдын 15-майында башталган. Анда Нарын районундагы Эмгекчил айылында жүзгө чукул тургун чогулуп, Солтон-Сары жайлоосуна алтын кен комбинатын курууга каршы чыгышканын айтышкан. Нааразы тарап менен жолугууга Мамлекеттик геология агенттигинин, жергиликтүү бийликтин жана комбинатты курууга лицензия алган кытайлык «Jhong ji Mining company» компаниясынын өкүлдөрү келишкен. 

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Эске салсак, Мамлекеттик геология агенттиги 2012-жылы аталган компанияга Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензия берген. Ага ылайык, былтыр жайлоого кен иштетүүчү комбинат курулушу керек болчу. Нааразы болгон элеттиктер «Солтон-Сары жайлоосуна алтын комбинаты курулбасын» деген талапты койгону менен кийинчерээк аталган аймакта жардыруу иштери жүргүзүлүп, тургундарды кайра ордунан козгоду.

5-августта Солтон-Сарыда кен казган кытай компаниясына жергиликтүү тургундар кайрадан барууга мажбур болушкан.

Алар компаниянын кызматкерлерин чыгып кетүүсүн талап кылып, ортодо пикир келишпестик орун алып, жергиликтүү тургундар менен кытайлык жумушчулар бири-бирине карата таш ыргыткан.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына кытайлык кен иштетүүчү компаниясынын 20 жумушчусу түштү. Мындан тышкары Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жабыркаган 19 кытайлык жумушчу кайрылды. «Жабырлануучулардын баш мээси чайкалган. Алардын абалы туруктуу. Тиешелүү дарыларды алып жатышат», -деп билдиришти министрликтен.

Буга чейин социалдык тармактарда жардыруудан кийин мал-жандыктар ооруп, тургундардын денелерине ар кандай жаралар чыгып атканы тууралуу билдирүүлөр тараган.

Бирок, тиешелүү ведомстволор буга жардыруунун эч кандай тиешеси жоктугун айтышууда. «Jhong ji Mining» компаниянын өкүлү Гүлмира Ибраимова дагы «комбинат экологияга зыян келтирбейт, атайын иликтөө, экспертизалык иштер жүргүзүлгөн» деген пикирди карманат. Учурда аталган аймактагы абал менен жакындан таанышуу үчүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү жүрүшөт. Алар эл менен сүйлөшүп, абалды талкуулап жатышат. Бирок, тургундар «компаниянын кызматкерлери жайлоодон чыгып кетсин жана техникаларын токтотсун» деген талап коюшту.

Кен иштетүүчү комбинаттын курулушуна каршы болгон элге «Jhong ji Mining» компаниясы социалдык пакет катары 13 миллион сом бере турганын айтканы менен айылдыктар буга макул болушкан эмес.

Айрым маалыматтарга караганда, иш жүргүзүлө турган 1 миң 500 гектар жерде 10 тоннадан ашуун алтын бар.

Бул арада депутат Эльвира Сурабалдиева дагы Солтон-Сарыдагы чыр боюнча Жогорку Кеңештин төрагасын кезексиз жыйын өткөрүүгө чакырып, билдирүүнү социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Урматтуу төрага, кесиптештер, элдин айласын кетирбей, чогулуп маселелерди талкуулайлы. Солтон-Сарыда милиция элди коргош керек эле, тескерисинче болуп жатат. Жыйынга өкмөт башчы менен президентти чакыралы

Эльвира Сурабалдиева

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы Солтон-Сарыдагы абал боюнча чукул жыйын өткөрүп, тиешелүү органдарга окуяны тыкыр иликтеп, калк арасында түшүндүрүү иштерин жайылтууну күчөтүү тапшырмасын берди.

«Жергиликтүү тургундар менен чет элдик жумушчулар ортосунда болгон окуялар мекеменин ишинин токтоп калуусуна себеп болбошу керек. Биз тоо-кен казуу тармагында кандай көгөйлөр бар экенин жакшы билебиз, мындан улам аны түп тамырынан бери өзгөртүү үчүн иштеп жатабыз. Мен мунун баарын жеке көз алдыма алдым. Эгерде инвестор биздин жарандардын талаптарын жана укуктарын буза турган болсо, биз ага тиешелүү чара көрөбүз деп баса белгилеп кетким келет. Бирок, баары мыйзам чегинде болушу керек», -деди өкмөт башчы.

Эгер мындай ар бир окуя үчүн эл мекемени жабуу талабын көтөрө берсе, анда баардык инвесторлор бизден жүзүн буруп кетишет. Турмуш-тиричиликтик абалды саясий окуяга айландырбаш керек. Баардык талаш-тартыш маселелер укуктук негизде чечилиши зарыл

Мухаммедкалый Абылгазиев

«Солтон-Сары» кени Бишкек шаарынан 355 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал Нарын облусундагы Капка-Таш тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3 миң 500-3 миң 600 метр бийиктикте жайгашкан. Аталган кен Кен — Бучук, Ак-Таш, Алтын -Төр деген 3 участоктон турат. Кен чыккан жердеги алтындын болжолдуу запасы 20 тоннага жакын деген маалымат бар.

«Солтон-Сары» кенинин инфраструктурасы алтын запасы 2,9 тоннанын чегинде болгон «Алтынтөр» карьеринен, өндүрүмдүүлүгү жылына 100 миң тонна руда болгон кен байытуучу фабрикадан жана көмөкчү имараттардан, курулуштардан турат. 1992-жылы «Алтынтөр» участогундагы геологиялык чалгындоо иштерин Ысык-Көл геологиялык чалгындоо экспедициясы жүргүзгөн. Участокту тажрыйба иретинде пайдалануу 1994-жылы башталган жана ушул мезгилге чейин улантылууда.

1997-жылы Алтынтөр участогундагы кен иштери токтотулган жана алтындын баасынын туруктуу төмөндөшүнөн жана металлдын аз алынышынан улам «Алтынтөр» карьери консервацияланган. Карьер жабылганы менен «Солтон-Сары» руднигинин кен байытуу фабрикасы гравитациялык таштанды сакталуучу жайларды тазалоо боюнча ишин уланткан.  «Алтынтөр» карьери 1997-2003-жылдарда консервацияда болгон. Алтындын баасынын өсүшү жана алтынды алуу боюнча көрсөткүчтөрдүн жакшырышы Алтын-Төр участогунда казып алуу иштерин кайра баштоого көмөк көрсөткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар