17:51
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Премьер-министр энергетика тармагынын жетекчилигин кескин сынга алды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагынын жетекчилигин жетишсиз иши үчүн кескин сынга алды. Мындай сын өкмөттүн кезектеги жыйынында айтылды.

Өкмөт башчы билдиргендей, жыл сайын бир эле маалымат айтылат, анда натыйжалуу реформаларды жүргүзүү жана актуалдуу маселелерди чечүү боюнча сунуштар камтылган эмес.

«Энергетика чөйрөсү — экономиканын артыкчылыктуу тармагы. 40 мүнөттүн ичинде эки жетекчинин баяндамаларын уктук, бирок конкреттүү эч нерсе жок. Жыл сайын окшош эле маселелер айтыла берет. Бул жомокту биз 20 жылдан бери угуп келе жатабыз. Муну менен бирге абалды жакшыртуу боюнча эч кандай таасирдүү кадамдар жасалган эмес. Ошол эле учурда энергетика тармагы — экономиканын эң негизги өзөгү болуп саналат. Иштеп баштагыла, электр эсептегичтерди чыгарууну уюштургула. Продукцияларды — ошол эле зымдарды, электр чубалгыларын, трансформаторлорду импорттобой, атамекендик өндүрүштү колдоо керек. Ушул аркылуу миллиондогон сомдорду табууга болот. Силерде 1,4 миллион абонент бар, ушунча сандагы эсептегичтерди башка өлкөлөрдөн алып келбестен, чыгарса болбойбу? Жогоруда аталган продукцияларды биздин өлкөдө өндүрүүнү уюштуруу кыйынбы?», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эң көп окулган жаңылыктар