09:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

ЖЭБти модернизациялоо. Осмонбек Артыкбаев чечим кабыл алууга катышкан эмес

Жылуулук электор борборун модернизациялоо боюнча чечим Осмонбек Артыкбаев Энергетика министри болуп дайындалганга чейин кабыл алынган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сагынбек Самидин уулу билдирди.

Ал депутат Аида Касымалиеванын ЖЭБти модернизациялоо боюнча чечим качан, ким тарабынан кабыл алынгандыгы боюнча сурогоо жооп берип жатып, акыркы сөз президенттик аппаратта айтылганын белгиледи.

«Ооба акыркы чечимди президенттик аппарат кабыл алган. Келишимдин наркын дагы президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген кезде Сапар Исаков аныктаган. Анын көрсөтмөсү менен келишимге ЕРС эрежеси менен кол коюлган», -дейт ал.

Ал эми Осмонбек Артыкбаевдин бул келишимге катыштыгы боюнча: «Осмонбек Артыкбаев министр болуп дайындалганга чейин чечим кабыл алынган. Ал процедуралык тапшырмаларды гана аткарган. Андан тышкары, келишим боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссия формалдуу эле болгон. Анткени, келишимдин даяр долбоорун президенттик аппарат түзгөн», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар