19:10
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

ӨКМ: Кыргызстанда көпчүлүк аймактарда кар жаап, жолдор тайгак болот

1-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.

2-февралда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

3-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт.

4-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.

5-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт.

6-7-февралда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу
6-февралда көпчүлүк аймактарда, 7-февралда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар