17:12
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Самара Каримова: Зериккенимден же кыларга ишим жоктон барган жокмун!

Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын жетекчиси кызматынан бошотулгандан кийин өзүнүн Инстаграм баракчасына төмөнкүлөрдү жазып чыкты.

«Менде баары жакшы, ар бир нерсе кудайдан. Жараткан мага дагы бир сыноо бериптир. Чын жүрөгүмдөн кабыл алдым. Мен сынбаймын, 3 балам турганда кайратым ташка чапса сынбайт. Эне жүрөгү тоодой бийик болот. Өнөр адамы катары музыкалык окуу жайдын абалына жүрөгүм ооручу. Зериккенимден же кыларга ишим жоктон барган жокмун! Тобокелге салып, меценат тартып 2 жылда гүлдөтүп коймокмун. Мейли насип деген нерсе бар! Менден башка жакшы адамдар келип оңдоор...», -деп жазган ырчы.

Эске салсак, ырчынын жетекчилик кызматка дайындалышы тууралуу буйрук 24-октябрда чыккан. Ал 31-октябрда окуу жайдын жамаатына тааныштырылган.

Кечээ, 1-ноябрда Самара Каримова тууралуу буйрукту маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жокко чыгарганы маалым болду. Анын айтымында, буйрук ал министр болуп дайындалганга чейин мыйзамсыз чыгарылган.

Эң көп окулган жаңылыктар