Чолпон-Атада 12 жаштагы кызды зордуктаган киши өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Ысык-Көл райондук прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, 53 жаштагы киши «жашы жете элек өспүрүмдү күч колдонуп зордуктоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.
Эске салсак, Чолпон-Атада Кара-Ой айылынын 53 жаштагы тургуну 12 жаштагы кызды зордуктаган. Өспүрүм кыз адашып калып, үйүнө жеткирип коюуну суранган. Бирок, кылмышка шектүү кызды алдап арам оюн ишке ашырган.