17:17
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте үч адамдын өмүрүн кыюуга шектүүнүн иши сотко жөнөтүлдү

Бишкектеги үч кишинин, эне-балдардын өлүмүнө шек саналган жарандын иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. 

Бул кылмыш иши борбор калаанын Октябрь райондук сотунда өндүрүшкө алынганын Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.

Быйыл февралда Бишкек шаарында 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Ч.А. аттуу жаран 17-февралда кармалган. Свердлов райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 16-апрелге чейин № 1 убактылуу тергөө абагына камоо чечимин чыгарып, кийин анын абактагы мөөнөтү узартылган.

Социалдык тармактын колдонуучулары жана айрым маалымат каражаттары шектүү Чынтемир Аширалиев экенин жазышкан. Ал 2021-жылдын ноябрь айында Баткендеги бир мандаттуу № 2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп, алты миңден ашык добуш алып, утулуп калган. Ага чейин УКМКда 15 жыл иштеп, майор чинин алган.

Эң көп окулган жаңылыктар