14:40
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Быйыл мамлекеттик кызматтагыларга карата 93 кылымыш иши козголду

2023-жылдын 11 айында Бишкек шаарынын укук коргоо органдары тарабынан кызматтык жана коррупциялык кылмыштар боюнча 93 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу 24.kg агенттигине шаардык прокуратура билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 830 миллион 920,5 миң сомду түзгөн. Тергөөнүн жыйынтыгы менен 27 кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлгөн. 29 кылмыш иши боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алынган болсо, 32 кылмыш ишин токтотулган. Учурда беш кылмыш иши боюнча тергөө жүргүзүлүүдө.

 Жогорудагы кылмыш иштери негизинен көпчүлүгү мамлекеттик башкаруу органдарынын, укук коргоо жана фискалдык кызматтардын кызматкерлерине карата козголгон.

Мындан тышкары, экономикалык иштер боюнча 70 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 25 кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлүп, 22 кыскартылса, үч иш тергелүүдө.

«Иштердин айрым категориялары боюнча, атап айтканда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына, чарба жүргүзүү тартибине каршы коррупция жана башка кылмыштар боюнча тергөө прокуратуранын, укук коргоо органдарынын өзгөчө көзөмөлүндө болот. Тергөөнүн жүрүшүндө тергөө органдары бардык жагдайларды аныктоо жана кылмыш жасоого катышкан бардык адамдарды жоопкерчиликке тартуу менен адамдын бардык укуктарын жана жазык сот өндүрүшүнүн принциптерин сактоо менен толук, объективдүү тергөө жүргүзүүгө милдеттендирилген. Аталаган категориядагы иштердин тергөөсүнө прокурордук көзөмөл шаардык жана райондук прокуратуралар тарабынан күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө», — деп кошумчалады шаардык прокуратура.

Эң көп окулган жаңылыктар