14:06
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жалал-Абадда Түмөнбай Байзаков атындагы проспект ачылды

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында акын, котормочу Түмөнбай Байзаковдун ысымы берилген жаңы борбордук проспектини ачты.

Өлкө башчысы чогулгандарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Ала-Тообузга, Ата мекенибизге байланыштуу ыйык сезимдерибиз керемет ыр саптарына айланган. Мамлекеттик символубуз болгон гимн дагы ак мөңгүлүү аска-зоолуу Ата мекенибиз менен башталат. Өз кезегинде эл арасында экинчи гимн катары кабыл алынган «Кыргыз жери» ыры да кыргыз жеринин табиятына суктануу сөздөрү менен башталат. Алыста жүрүп, мекенин сагынган мекендештерибиздин жүрөгүндө, мамлекеттик деңгээлде уюштурулган чоң майрамдарда ар дайым ушул ыр саптары жаңырып турат», — деп белгиледи президент.

Садыр Жапаров Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгына карата республикалык деңгээлде өтүүчү иш-чаралар пландаштырылганын ырастады. Ошондой эле, Жалал-Абад шаарынын кире бериш бөлүгүндө орнотулган стелага акындын ысымы жазылып, шаардын жаңыдан реконструкциядан өткөрүлгөн борбордук көчөсүнө анын аты ыйгарылганын белгиледи.

Ошол эле учурда президент жакында Байзаковго «Эмгек баатыры» артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол коюлганын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар