11:32
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Азов» полкунун Украинага кайткан командирлери кайрадан согушка катышат

8-июлда президент Владимир Зеленский менен бирге Түркиядан Украинага кайтып барган «Азов» полкунун командирлери кайрадан согуштук аракеттерге катышат. Бул тууралуу полктун командири Денис Прокопенко билдирди.

«Армия бул командалык иш экенине ишенем. Бүгүнкү күндөн тарта кайрадан күрөштү улантабыз. Согушта биз сөзсүз түрдө өз сөзүбүздү дагы айтабыз. Эң башкысы — украин армиясы фронтто стратегиялык демилгени колго алып, күн сайын алдыга жылып жатат», — деди Прокопенко.

Мариуполь шаарындагы «Азовсталь» заводун коргогон полктун беш командири Стамбулдан Украинага президент Владимир Зеленский менен бир учакта 8-июлда учуп келишкен.

Өткөн жылы сентябрда «Азов» полкунун жоокерлери Москва менен кызматташууга айыпталган украин саясатчысы Виктор Медведчукка алмаштырылган. Ортодого макулдашууга ылайык, украиналык беш командир согуш аяктаганга чейин Түркияда жашашы керек болчу.

Орус күчтөрүнүн Мариуполь шаарына чабуулу 2022-жылы мартта башталып, май айынын ортосуна чейин созулган. Анда шаардагы «Азовсталь» заводунун коргоочулары алмашуу тууралуу келишимдин алкагында багынып бергени кабарланган. 20-майда Орусиянын Коргоо министрлиги аталган завод орус күчтөрүнүн көзөмөлүнө өтүп, жалпысынан 2 439 украин жоокери «туткунга түшүп бергенин» билдирген. Кийин алардын бир бөлүгү орус туткундарына алмаштырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар