16:06
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сокулук районунда эжесинин өлүмүнө шектүү кармалды

Сокулук районунда эжесинин өлүмүнө шектелип 15 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Чүй облустук ИИББден билдиришти.

23-августта милицияга Кашка-Баш айылында 23 жаштагы Д.М.дин сөөгү табылгандыгы кабарланган.

«Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмы иши козголду. Кылмыш ишине шектүү катары 15 жаштагы иниси Ж.М. кармалды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иши уланууда», — деп маалымдашты мекемеден.

Редакциянын өздүк булактарынын маалыматына ылайык, өспүрүм эжесинин башына балта менен чапкан. Ал жеринде каза тапкан.

"Шектүү соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Ал Вознесеновка айылындагы жашы жете электер үчүн колонияда болот, — деп билдиришти редакцияга.

Эң көп окулган жаңылыктар