15:35
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Аэропортко жакын жердеги автожарыш боюнча кылмыш иши козголду

Бишкек — ​​"Манас" аэропорту трассасындагы окуя боюнча Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы комментарий берди.

Расмий маалыматка караганда, Манас айылында белгисиз адамдар автожарыш өткөрүү үчүн жол тосуп, коомдук тартипти бузуп жаткандыгы тууралуу жергиликтүү тургундардан маалымат түшкөн. Алар милициянын талаптарына баш ийбей, каршылык көрсөтүшкөн.

Бишкек — «Манас» аэропорту жолун тоскондор милициянын кызматтык унаасына таш ыргытышкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. Окуяга тиешеси бар кишилер аныкталып, суракка алынды. Маалым болгондой, бир айдоочуга 15 миң сом айып салынып, унаасы айып жайга киргизилди. Ошондой эле бул кылмышка күнөөлүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

5-ноябрга караган түнү Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда автожарыш өткөрүү пландалган. Бирок аймактын жашоочуларына бул жакпай, чыр чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар