13:05
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сириядагы согушка катышкан жарандын үйүнөн курал табылды

Сириядагы согушка катышкан Ош облусунун 29-жаштагы тургунун үйүнөн курал-жарак табылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Агы ылайык, кармалган жаран эл аралык террористтик топтун колдоочусу.

2017-жылы Турцияга барып, андан киийн Сирияга учуп кеткен. Ал жакта эл аралык террорристтердин катарында куралдуу жаңжалга катышкан.

Жаран Турцияга келгенде кармалып, Кыргызстанга депортацияланган. 2021-жылы абактан чыккан.
Жашаган жери тинтүүгө алынган учурда РГД-5 эки гранатасы, эки УЗРГМ, 5, 45 миллиметр ок, камуфляж комплекти, күрөк, бычак, телефон, флешка жана эки диск табылган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча табылган куралдар согуштук экендиги аныкталды.

Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси «Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» боюнча кылмыш иши козголуп, жаран Оштун 25-тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери уланып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар