13:46
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жалал-Абад шаарын экинчи экономикалык борборго айлантууга 2 миллиард сом бөлүндү

Жалал-Абад шаарын экинчи экономикалык борборго айлантуу үчүн 2 миллиард сом бөлүндү. Садыр Жапаров бул тууралуу Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында айтты.

Садыр Жапаров белгилегендей, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында 2023-жылы Жалал-Абад шаарын Кыргызстандагы экинчи экономикалык борборго айлантуу үчүн атайын план бекитилген.

«Өлкөбүздөгү чоң-чоң шаарларды өнүктүрүүгө мындай каражат биринчи жолу бөлүнүп берилип жатканын баса белгилей кетейин. Чындыгында эле шаар макамын алып жүргөн калктуу пункттарыбыз шаар деген атка татыктуу болушу зарыл. Бул суммага шаарда буга чейин болбогон ири курулуштар жүрүп, социалдык-экономикалык багыттагы ондон ашык долбоорлор ишке ашырылып жатат. Азыр биз турган мына ушул көчө да жогоруда аталган каражаттын эсебинен жаңыланды. Мындан сырткары, учурда шаардын көптөгөн ички жолдорун оңдоо жумуштары кызуу жүрүп жатат. Долбоорго бир катар өндүрүштүк ишканалар жана социалдык объектилерди куруу да камтылган. Быйыл Жалал-Абад шаарында курулуш жылы болду десем жаңылышпаймын. Муну баары Жалал-Абад шаарынын тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө багытталат», — деди мамлекет башчы.

Ошондой эле, президент жакынкы мезгилде калкынын саны жыл сайын өсүп бараткан Жалал-Абаддын башкы планы өзгөртүлүп, аймагы кеңейтилерин билдирди.

«Өнүгүүнүн жаңы түйүнүнө айланып бара жаткан бул шаарда аталган 2 млрд сомдон сырткары, республикалык бюджеттен каржыланып жаткан курулуштар да арбын. Бүгүнкү күндө эң ири долбоорлордун бири катары шаардын чок ортосунда жайгашкан Жаза аткаруу мекемесин шаар сыртына которуу иштерин атасак болот. Алдыда Жалал-Абад аэропортун да шаар четине чыгарып, заманбап эл аралык аэропорт курууну көздөп жатабыз. Бул аракеттер биринчи кезекте калаа тургундарынын коопсуздугун, камсыз кылат. Аталган объектилердин ордуна шаарыбыздын көркүнө көрк кошкон жаңы имараттар түшөт», — деп белгиледи ал.

Мындан тышкары, ал Борбор Азия чөлкөмүндө «Барселона» футбол клубунун алгачкы академиясы ачылып жатканын кошумчалады. Бул кыргыз футболунун тарыхындагы маанилүү окуялардын бири.
Садыр Жапаров жакынкы жылдары өлкөбүздүн башка шаарларына дагы дал ушундай багытта каражат бөлүнүп, көмөк көрсөтүлөт деп ишендирди.

Эң көп окулган жаңылыктар