06:52
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жактоочу: Кубанычбек Кулматов өзүн жакшы сезип жатат. Ал күнөөнү мойнуна албайт

Жемкорлукка айыпталып кармалган Кубанычбек Кулматов УКМКнын тергөө абагындагы кармоо шарттарына нааразы эмес. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, мурунку мэр өзүн жакшы сезип жатат бирок, күнөөнү мойнуна албайт.

Маалыматка ылайык, айыпталуучуга азырынча жубайы менен көрүшкөнгө уруксат берише элек.

Кошумчалай кетсек, Кубанычбек Кулматовго 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар