18:31
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мурунку мэрлердин соту. Түлөбердиевге карата кылмыш ишин токтотууну суранышты

Адвокат Анатолий Хегай «Бишкекбашкыархитектурасы» мекемесинин башчысы Асхат Түлөбердиевге карата кылмыш ишин токтотууну өтүндү. Бул тууралуу бүгүнкү соттук отурумда маалым болду.

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс уланууда. 

Масалиев көчөсүндөгү муниципалдык жер аянты тууралуу эпизод боюнча Асхат Түлөбердиев сотто күнөөлүү катары өтүп жатат. Тергөөнүн версиясы боюнча, 2016-жылдан бери жалпы аянты 18,3 гектар болгон 41 участок мыйзамсыз ижарага берилген.

Жактоочунун айтымында, Асхат Түлөбердиевдин күнөөсү жок, ал болгону буйрукту аткарган. Ага кылмыштын курамында бар деген далил жок.

Чечим чыгаруу үчүн судья жыйын бөлмөсүнө чыгып кетти.

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар