15:21
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Экс-мэрлердин соту. Жактоочу залда аудио жана видео иштебей жатканына нааразы

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго карата кылмыш иши боюнча соттук процесс уланууда. Сот Кубанычбек Касымбековдун төрагалыгы астында өтүүдө.

Жактоочу Санжар Сакиев сот залында эмне себептен аудио жана видео иштебей жатканына кызыкты.

«Система иштебейт. Биз аталган маселе боюнча «Адилет сот» мекемесине билдирме жөнөткөнбүз. Бизге системанын 3-июндан тарта иштеп баштаганын айткан. Эмне себептен азыр иштетпей жатышат?», -деди ал.

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар