12:12
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Мурунку мэрлердин соту. Эркинен ажыратуу жазасы Албек Ибраимовго гана берилди

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук териштирүү аяктады. Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айып салынып, залдан бошотулду.

«Калыс-Ордо» эпизоду боюнча Бишкек мэриясынын алдындагы Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Сталбек Өмүрканов, подрядчы компаниялардын жетекчилери Кубат Шаршекеев менен Сейиткан Алиевге дагы айып салынып, сот залынан бошотулду.

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар