19:45
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Мурунку мэрлердин соту. Айыпталуучуларды 8 жылдан 15 жылга чейин камоону сурашты

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс уланууда. 

«Калыс-Ордо» эпизоду боюнча Бишкек мэриясынын алдындагы Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Сталбек Өмүркановду 15 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону мамлекеттик айыптоочу суранды. Ушундай эле мөөнөттү подрядчы компаниялардын жетекчилери Кубат Шаршекеев менен Сейиткан Алиевге берүүнү суранышты.

Мурунку биринчи вице-мэр Ренат Макеновду, Бишкек башкы архитектура курулуш башкармалыгынын башчысы Ренат Түлөбердиевди 8 жылга эркинен ажыратуу сунушталды.

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

 
Эң көп окулган жаңылыктар