21:05
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Экс-мэрлердин иши. Албек Ибраимов көрсөтмө берүүдөн баш тартты

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго карата кылмыш иши боюнча соттук процесс уланууда. Сот Кубанычбек Касымбековдун төрагалыгы астында өтүүдө.

Бүгүн Албек Ибраимовду шаардын батыш тарабындагы жер аянттарын бөлүп берүү эпизоду боюнча суракка алуу пландалган. Бирок, ал көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Мурунку шаар башчынын айтымында, эпизод боюнча күнөөлөнүп жаткан башкалар тергөө менен сүйлөшүп алышкан. Алар эмне себептен мындай кадамга барышканын түшүндүрүшкөн эмес.

«Алар УКМКнын тергөө абагына 2-3 жума камалгандан кийин сүйлөшүүгө барышкан. Бул кысым болду», -деди ал.

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар