11:40
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Экс-мэрлердин соту. Жоомарт Оторбаевди суракка алышты

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго карата кылмыш иши боюнча соттук процесс уланууда. Сотто «Калыс-Ордо» калктуу конушунда салынган мектеп боюнча күбө катары экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевди суракка алышты.

Анын айтымында, 2014-жылы өкмөт башчы болуп шайланганга чейин билим берүү жана мектеп куруу маселелери менен алектенген эмес. Мындан улам, ага чейин объект боюнча кандай чечимдер кабыл алынганын билбейт.

Жоомарт Оторбаевдин билдирүүсүндө, ага кол койгон өкмөттүн токтомунда мектепти долбоорлоо процесси -эксперимент катары болот деп көрсөтүлгөн. «Мага эч кандай басым көрсөтүшкөн эмес», -деп жооп берди жактоочунун суроосуна.

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар