06:53
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Экс-мэрлердин соту. Албек Ибраимов суроолорго жооп берүүдөн баш тартты

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго карата кылмыш иши боюнча соттук процесс уланууда. Сот Кубанычбек Касымбековдун төрагалыгы астында өтүүдө.

Сотто Албек Ибраимовду «Күнөстүү жээк» пансионатынын сатылышына байланыштуу эпизод боюнча суракка алышмак, бирок ал суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

«Мени эмне себептен соттоп жатканына түшүнбөйм. Юрий Васильев күнөөну мойнуна алды, жабырлануучуну сот залынан көрө алган жокпуз. Ал канча чыгым тартты аны да билбейбиз», -деди Албек Ибраимов.

Ал процессти саясий заказ деп атады.

«Сотту алып барып жатканыңызда, сизде жаңылыш ой бардай сезилет. Биз сизге бир канча жолу каршы чыктык. Сиз каякадыр шашып жаткандай, бизди тезирек соттогуңуз келгендей сезилесиз. Ошон үчүн сиздин суроолорго жооп берүүдөн баш тартам», -деди ал.

Албек Ибраимов биринчи жолу пансионат 2009-жылы сатылганын, 2010-жылдын апрель окуясынан кийин «Дастан» ишканасы аны кайра кайтарып алганын кошумчалады.

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар