20:21
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кубанычбек Кулматов УКМКнын тергөө абагына камакка алынды

Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов 28-июнга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Кечээ Биринчи Май райондук соту Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы карап чыгып, камакка алуу чечимин кабыл алган.

Эске салсак, Бажы кызматынын мурдагы башчысы УКМКда төрт саат сурак берип, андан кийин Биринчи Май райондук сотуна жөнөп кеткен.

Кошумчалай кетсек, Кубанычбек Кулматовго 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума