08:12
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Экс-мэрлердин соту. Жактоочу мурунку мэрлердин бөгөт чарасы боюнча даттанат

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго карата кылмыш иши боюнча соттук процесс жылдырылды.

Жактоочу Сергей Слесарев Бишкек шаардык сотуна мурунку мэрлердин бөгөт чарасын өзгөртүүнү кароо үчүн апелляцияга берди.

Мурунку отурумда төрагалык кылган судья мурунку мэрлерди кармоо мөөнөтүн 6-ноябрга чейин узарткан.

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар