01:06
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн курал-жарактар табылды

Ысык-Көл облусундагы Чар-Кудук аймагынан жергиликтүү тургундун үйүнөн курал-жарактар табылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ чек арачылар менен Түп РИИБнын кызматкерлери 1986-жылы туулган О.К. аттуу жаранды кармашты. Анын үйүнөн «Сайга» мылтыгы, түнкү кароолго алуучу мылтык, 2 даана сайсыз мылтык, ар түрдүү калибрдеги куралдар, кыска стволдуу мылтыктардын магазини табылды.

Белгилүү болгондой, аталган курал-жарактарга тиешелүү документтер жок болуп чыкты.

Учурда иликтөө жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар