11:54
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Курал-жарактарды мыйзамсыз сактаган пенсионерге 20 миң сом айып салынды

Чүй облусуна караштуу Панфилов райондук соту пенсионер аялга курал-жарактарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн 20 миң сом айып салды.

Маалым болгондой, 28-мартта тартип сакчылары пенсионердин үйүндөгү чыгдандан 1 миңден ашуун калибр окторун, 5 килограмм бытыра жана башка куралдарды табышкан.

Соттолуучу үйүндө сакталган курал-жарактардын бар экендигин билген эмес. Айтымында, анын атасы мергенчи болгон. Ошондой эле, ал курал-жарактар кимге таандык экендигин да билбейт. Анын пикиринде, атасына кимдир-бирөөлөр сактап бер деп бериши мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар