USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Таластагы Чуңкур өтмөгүнүн аймагынан курал-жарактар табылды

15:50, 23 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы Талас облусуна караштуу Чуңкур өтмөгүнүн аймагынан курал-жарактар табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 1942-жылы чыгарылган Мосин жана мергенчи (16 мм. сайсыз мылтык) мылтыктары капка оролгон бойдон тоо-таштуу капчыгайдан табылды.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, мылтыктар ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика