11:08
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мал сарайында ок атуучу курал сактаган жаран кармалды

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда мыйзамсыз курал-жарактар алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-сентябрь күнү Тогуз-Торо РИИБинин криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан ошол эле райондун тургуну мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактап жана пайдаланып жүрөт деген маалымат алынган.

Натыйжада шектүү катары Тогуз-Торо районунун 30 жаштагы тургуну, үй-бүлөлүү, эч жерде иштебеген К.М. аттуу жаран ок атуучу куралдарды өзүнүн үйүнүн короосунда жайгашкан мал сарайында сактап жаткандыгы аныкталган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча толук жана ар тараптуу текшерип, туура юридикалык баа берүү максатында аталган дарекке тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада К.М.нын мал сарайынан мыйзамсыз түрдө сакталган төрт даана ок атуучу курал, 1 сайлуу, 3 сайсыз жана беш даана калибердеги ок-дары алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар