20:39
USD 87.45
EUR 91.60
RUB 0.96

Бишкек жана Чүй облусунда курал-жарак саткан киши кармалды

Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, алар Бишкек шаарында жана Чүй облусунда белгисиз адам курал-жарак жана ок-дарыларды сатып жүргөнү тууралуу маалымат алышкан.

Бул факты боюнча Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси боюнча иш козголду.

Оперативдүү-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун аймагында белгисиз адамдар Жалал-Абад облусунун аймагына мыйзамсыз түрдө ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сатып келгендигин аныкташкан.

Ыкчам кызматкерлер шектүүнүн өздүгүн такташкан. Ал Жалал-Абад облусунун Казарман айылынын 31 жаштагы тургуну болуп чыкты.

Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар жана ок-дарылар табылып, алынган. 3-февралда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштери уланууда. Керектүү экспертизалар дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар