08:10
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Пакистанда абанын температурасы болуп көрбөгөндөй жогорулады. 65 киши каза болду

Пакистандын Карачи шаарында абанын температурасы болуп көрбөгөндөй жогорулады. Анын кесепетинен 65 киши каза болду. Бул тууралуу CNN билдирет.

Карачиде дүйшөмбү күнү абанын температурасы +44 градуска жеткен. Май айларында негизинен температура +35 градуска жетчү.

Маалым болгондой, көчөдөгү эл суудан куюнуп, ысыктан коргонушууда. Учурда 5 жаштан 78 жаш арасындагы 65 киши ысыкка чыдабай каза болду.

Каза болгондордун басымдуу бөлүгү медицина кызматкерлеринен убагында жардам
ала албай калышкан.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, мындай ысык аба ырайы Пакистанда июндун ортолоруна чейин уланат.

Эң көп окулган жаңылыктар