Аксы районунда турак үйлөрдү жер көчкүдөн жана сел коркунучунан коргоо иштери башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ак-Жол жана Кара-Камыш айыл аймактарындагы сел коркунучу бар тилкелер менен таанышып, жергиликтүү бийлик органдарына сунуш киргизүү үчүн тиешелүү долбоордук документацияны даярдоону тапшырды.
Ошондой эле Чыныбаев Кара-Суу дарыясынын жээгин бекемдөө иштерин көрүп , жарандардын коопсуздугу ар дайым артыкчылыктуу болушу керек экенин белгиледи.
Мындан тышкары, ал Сары-Челек жана Кара-Камыш аймактарындагы жер көчкү коркунучун азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди жеринен көрдү. Азыркы учурда мүмкүн болуучу коркунучтарды жоюу үчүн механикалык тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
«Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоордун алкагында аталган айыл аймагындагы 44 турак жайга болгон коркунуч толугу менен жоюлат», — деп белгилешти ӨКМден.
Соңунда министр Аксыда сел жана жер көчкүдөн коргоо иштерин күчөтүүнү тапшырды.

