Кыргызстан менен Вьетнам экономикалык кызматташтыкты активдештирип, кош салык салууну жоюунун үстүндө иштеп жатышат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-23-апрелде Ханой шаарында Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосунда кош салык салууну жоюу жана салыктарды төлөөдөн качууну болтурбоо тууралуу макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр өттү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар макулдашуунун долбоорунун жоболорун кеңири талкуулашты.
Бул эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Жыйынтыгында тараптар аталган макулдашуунун долбоорун принципиалдуу түрдө макулдашты.
Түзүлүп жаткан макулдашуунун негизги максаты — эки өлкөдө иш алып барган чарба жүргүзүүчү субъекттердин кирешелерине карата кош салык салууну жоюу болуп саналат. Бул өз кезегинде Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.

