Кыргызстанда аз камсыз болгон жарандарды колдоо боюнча мамлекеттик программанын алкагында 2025-жылы 3 миңден ашык үй-бүлө социалдык келишим түздү. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков «Ишеним» депутаттык тобунун жыйынында билдирди.
Анын айтымында, келишим алгандардын саны 2 миңден 13 миң үй-бүлөгө чейин өсүп, ал эми төлөмдөрдүн өлчөмү 100 миң сомдон 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн.
Мирлан Байгончоков кошумчалагандай, 2025-жылы 14 үй-бүлө жылдык кирешесин 1 миллион сомдон ашырууга жетишкен. 2024-жылдан тарта программанын катышуучуларына үч жылдык мөөнөткө 200 миң сомго чейин пайызы жок насыялар берилүүдө.

