07:15
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Уюлдук телефон уурдаган жаран кармалды

Уюлдук телефон уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 9-май күнү саат 17:30 чамасында маршруттун ичинен «MI-5» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин билдирген. Ал эми, жабырлануучуга 12 миң сом өлчөмүндөгү зыян келтирилген.

Ленин райондук ИИБнын кызматкерлеринин ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган Ж. Ж. аттуу жаранды кармашкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү жаранга карата чектөөлөр коюлуп, үй камагына алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар