10:26
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жактоочу Орхон Инандыны Кыргызстандан кимдер уурдап кеткенин айтып берди

«Сапат» билим берүү мекемесинин директору Орхон Инанды Анкарада Синжан районундагы катуу көзөмөлдөгү түрмөдө кармалууда. Бул тууралуу анын жактоочусу Таалайгүл Токтокунова билдирди.

Анын айтымында, Орхон Инанды кечки 23.00дө кармалган. Аны үч киши токтотуп, өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырып, жеңил унаага күч менен салышкан.

««Машинада анын колун кайрып, үстүнө олтурушкан. Ошол кезде колу сынган шекилди. Бирөө бутун, дагы бирөө башын кармап олтурган. Орхон Инандынын чөнтөгүндөгүнүн баарын көчөгө ыргытып ийишкен. Бут кийими дагы сыртта калган. Орхон Инандынын божомолунда, Бишкектен чыгып, Кара-Балта тарапка жол тартышкан. Шаардан чыгып, жип унаасына олтурушкан. Анда Инандыга ийне сайышкан. Арткы олтургучка олтургузуп, көзүнө скотч чаптап, колун кишендешкен. Уурдаган адамдар ага кыргыз тилинде кайрылып, атүгүл «кабатыр болбоңуз, баары жакшы болот» деп айтышкан», — дейт жактоочу.



Эң көп окулган жаңылыктар